Аалы Карашев: "Кыргыз өкмөтү айыл чарба тармагында Беларусь менен иштешүүгө кызыкдар"

Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев 20-январда Беларустун Кыргыз Республикасындагы элчиси баштаган беларустук делегация менен жолугушту. Карашев ЕАЭБге кирүү шартында кыргыз өлкөсү айыл чарба, өндүрүш тармагында беларусь тарап менен кызматташууга кызыкдар экенин айтты.

Беларусь элчиси Виктор Денисенко кызматташтыкты жандантуу зарылдыгын белгилеп: "Беларустук заводдордун продукциялары кыргыз өлкөсүнөн кардарларын табарына ишенебиз. Беларусь техникаларын жергиликтүү дыйкандарга лизингге берүү боюнча банктардын бири менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат",- деп билдирди.

"Минск трактор заводу" мекемесинин башчысы Фёдор Домотенко: "Биздин завод Кыргыз Республикасына каалаган техникасын жеткирүүгө даяр. Учурда дүйнөнүн 70тей өлкөсү менен иштешип жатабыз, силердин өлкө менен да активдүү алака түзүүгө кызыкдарбыз",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан