Чакан жана орто ишкерлердин квартал сайын отчёт берүүсүн сунуштаган мыйзам долбоору четке кагылды

Жогорку Кеңеш "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү" мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү колдоодон баш тартып, мыйзам долбоорун четке какты. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары тарабынан иштелип чыккан аталган мыйзам долбоорунда чакан бизнестин субъектилери менен коммерциялык эмес уюмдар үчүн салыктар менен камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчёт берүүнү мурдагыдай бир айдын жыйынтыгы менен эмес, ар бир кварталдын жыйынтыгы менен тапшыруу жагы сунушталган. Буга чейин комитет жыйындарында да депутаттар каршы пикирлерин айтып келишкен. Анда аталган демилге азырынча эртелик кыларын белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан