Израилдин армиясы Сириянын түштүгүндөгү Сувейда шаарынын аймагында Сириянын куралдуу күчтөрүнө таандык аскердик техникаларга сокку урууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Израил армиясынын басма сөз кызматы маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Израилдин бийлиги бул кадамды Сириянын куралдуу күчтөрүнүн Сувейдадагы друз шаардык жамаатына каршы аракеттерине жооп катары мүнөздөдү. Израилдин Аба күчтөрү шаардын кире бериш жолдорун бомбалап жатканы айтылды.