Өкмөт автоунаасын камсыздандырбагандарга чара көрүүнү 1 жылга чейин токтотушу мүмкүн

Өкмөт автоунаасын камсыздандырбагандарга чара көрүү аракетин 2016-жылдын ноябрына же 2017-жылдын башталышына чейин токтотушу мүмкүн. Муну парламенттин 21-январдагы жыйынында вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

"Камсыздандыруу жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алган, аткарбай коюуга өкмөттүн укугу жок. Өкмөт мыйзамды ишке ашыруу жолдорун караштырып жатат. Мыйзам быйыл 7-февралда күчүнө кирет, бирок автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларды жоопкерчиликке тартууну артка жылдыруу варианттарын карап жатабыз. Балким, ноябрдан же кийинки жылдан баштап чара көрүлө баштайт. Өкмөт кырдаалга байланыштуу маселени карап, өз сунушун айтууга даяр",- деп билдирди Панкратов.

Депутаттар автоунааны милдеттүү камсыздандырууну 2020-жылга чейин киргизбей туруу боюнча мыйзам долбоорун даярдашканы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамды V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алып, президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 30-июлунда кол койгон. Мыйзам кол коюлган күндөн 6 айдан кийин же 2016-жылдын февралында күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан