Бишкек - Кара-Балта трассасын оңдоого кызыкдар 34 компания тендерге катышууга арыз берди

Бишкек - Кара-Балта трассасын оңдоо долбоорунун алкагында өтүүчү тендерге катышууга 34 компания арыз берди. Транспорт жана коммуникация министрлиги 21-январда билдиргендей, тендерге катышуучулардан документтерди кабыл алуу 26-январда аяктайт. Аталган трассаны оңдоо укугун утуп алууну каалаган компаниялардын көбү Кытай менен Түркиянын компаниялары.

Эскерте кетсек, Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун боюн жарыктандыруу жана трассаны кеңейтүүгө багытталган макулдашууну V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 28-майында ратификациялаган. Азия өнүктүрүү банкынан алынган акчага Бишкек - Кара-Балта шаарларынын ортосундагы 50 чакырым унаа жолун жаңылоого 100 миллион доллар жумшалары айтылууда. Жолдун 9 чакырымы 6 тилкелүү, 41 чакырымы 4 тилкелүү болмокчу. Мындан сырткары жээгинде 3-4 метр кеңдиктеги тротуар курулат. Курулуш иштери быйыл жазында башталмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан