Республикалык бюджеттин эсебинен сасык тумоого каршы 24 миң доза вакцина алынды

Республикалык бюджеттин эсебинен сасык тумоого каршы 24 150 доза вакцина алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, вакцинаны 17 839 медицина кызматкери, балдар үйлөрүндөгү 2518 кызматкер жана наристе алды.

"Карылар үйлөрүндөгү 507 адам, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн мектептерде 298 окуучу, 304 кош бойлуу аял жана бат-баттан ооруган 2684 балага сасык тумоого каршы вакцина сайылды. Ошондой эле Бишкектеги Үй-бүлөлүк медициналык борборлордун 1500 кызматкери жана ажылыкка кетип бараткан 3519 адам вакцина алды. Жалпысынан өлкө боюнча 30 500 жаран профилактика үчүн сасык тумоого каршы вакцина алды",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KUMKA
2016-01-25 10:53:36
Вакцина канча сом турат,баасын билип бере аласыздаробы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан