Шаардын ызы-чуусунан тажаган тургундар кышкы эс алуу күндөрүн тоо беттеп таза абадан кере жутуп чана, лыжа тебүү менен көңүлдүү өткөрүп келишет. Бишкектин четинде "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине жакын жерде эс алган элдин агымы көп экенин көрүүгө болот. Чанадан кулап оор-жеңил жаракат алгандар да жок эмес.
Ал эми кышкы сезондон пайдаланган жергиликтүү тургундар акча түшчү булактардын да көзүн таап алышкан. Мисалы, акчага ат мингизип, тоо аралап кыдыртышат. Жылгаяк тебүүгө дөңгөлөк камерасын, суусундук, самоордо кайнаган чай сунушат.