Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон жол кырсыгынан жабыркаган 3 адам жандандыруу бөлүмүндө, калган бейтаптардын абалы туруктуу. Бул тууралуу райондук оорукананын сыныктар бөлүмүнүн башчысы Заир Шералиев бүгүн, 25-январда SUPER.KG порталына билдирди.
Дарыгер ооруканага 3 адамдын жансыз денеси жана 18 адам ар түрдүү жаракат менен келип түшкөнүн кабарлады. "Жабыркаган 10 адам амбулатордук жардам алып кетти. Ооруканага 8 адам жатты. Алардын үчөөсү оор абалда жандандыруу бөлүмүндө, 5 адам сыныктар бөлүмүндө дарыланууда. Бейтаптардын көбү Баткен шаарынын, Халмион айыл аймагынын жашоочулары. Алардын арасында жол кырсыгы болгон жерде тротуарда бара жаткан жаш бала дагы бар",- деди дарыгер.