Өлкөдө былтыркы жылдын декабрь айынан бери сасык тумоо боюнча текшерүүгө алынган 325 адамдын 61и чочко тумоосу менен жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, январь айында сасык тумоо менен ооруган адамдардын саны күтүлүп жаткан деңгээлде. Акыркы жумада 6120 адам аталган вирус менен жабыркап ооруканага кайрылып, 88и дарыланууга жаткырылды. Бул былтыркы жылдагы көрсөткүчкө (3159) караганда 1,9 эсеге көп. Өлкөдө сасык тумоо менен ооруп катталгандардын саны боюнча Бишкек шаары биринчи орунда, башкача айтканда, 2477 адамды түзөт. Чүй облусунда 1055 адам медицина мекемелерине кайрылып, экинчи орунда турат.