"Владимир Путин Орусиянын президенти болуп турганы үчүн батыш рахмат айтышы керек, башка бирөө болгондо Орусиянын танктары азыр Евросоюздун борборунда турмак". Мындай пикирди орусиялык депутат Владимир Жириновский жакында орусиялык телеканалдардын бириндеги ток-шоудо билдирди.
Депутат эгерде Путиндин дипломатиялык саясаты болбогондо, Киев менен Одесса эчак Орусиянын шаарларына айланып калмактыгын айтат.
"Крым силердики эмес" деп нааразы болуп жатасыңар, Донбасс, тиги-бу деп... Эгерде мен Кремлде болгондо силерде эч нерсе калмак эмес. Украина дагы болмок эмес. Орус армиясы Биринчи дүйнөлүк согуш убагында турган чек арасында турмак. Киев Жаңы жылды тосуп, биз Одессага эс алганы жөнөмөкпүз. Донбасстан көмүр өндүрүп, ракеталарды курмакпыз. Азыр жашаганга, дем алганга мүмкүн болбогон аймакта жашаган эл бактылуу болмок. Кремлде Путин турганына кубангыла. Андан кийин башкасы келет, сүйлөшүүлөрдүн кереги жок болот. Баары бир түндө башталат. 72 сааттан кийин орусиялык танктар Брюсселдин алдында турат",- деди Жириновский залдагы украиналык өкүлдөргө.