Кыргыз өлкөсүндө жумушсуз жүргөн жарандардын саны 8 пайызга жетти. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, калктын ишке жарамдуу бөлүгү 2 миллион 504 миң адамды түзөт. Жумушсуз жүргөндөрдүн жалпы саны 201 миң болсо, 98 миңи аялдар, 103 миңи эркектер. Мамлекеттик жумуш менен камсыздоо кызматына бир жыл ичинде жумуш сурап 206 миң жаран кайрылып, алардын 50 миңден ашууну иш менен камсыз болушкан. Мындан сырткары көптөгөн жарандар каттоодо жок мамлекеттик эмес жумуштарда эмгектенип келишет.