Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда тигүү курсуна катышкан айымдарга 100 килограмм ун, 10 литр өсүмдүк майы таратылууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган райондун Акман айыл округунда 70 аял тигүү курсуна катышууда. Алар “Эмгек кылсаң, азык-түлүк ал” аттуу долбоордун алкагында окутулуп, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушушту.
“Былтыр аталган долбоордун алкагында 1300 адам атайын окуудан өтүп, кесипке ээ болду. Тигүү курстарынан тышкары ширетүүчү, чачтарач, электрик, кондитер, балык багуу жана эмерек жасоо боюнча окутуу жүргүзүлгөн. Мындай коомдук иштерге 90 миң адам тартылган. Алар жамааттарга биригип жол курушту, көпүрөлөрдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү”,- деди министр.