Маңка-Жар капчыгайында Арча-Бешик конушун селден сактоочу 2 тосмо курулду. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, жогорудагы ишке жергиликтүү бюджеттин эсебинен 488 миң сом бөлүнгөн. Сел тосмолорун курууга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 300 габион торун берген. Аталган министрликтин маалыматы боюнча, Маңка-Жар капчыгайы өзгөчө кооптуу аймак болуп эсептелет. Катуу жааган жамгырдан жана эриген кардан Арча-Бешик конушунда 300 үйдү сел каптап келген.
Буга чейин аталган капчыгайда 2005-2007-жылдары 3 сел тосмосу курулган. Учурда алардын жанына турак жайлар салынган.