2014-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын 366 279 салык төлөөчү, булардын ичинен 35 339 мекеме, 86 580 жеке ишкер жана 244 360 жеке жак тапшырган. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Декларацияны тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. Муну менен 2015-жылы 2014-жылга салыштырмалуу декларациялар 18 851ге, ал эми 2014-жылы 2013-жылга салыштырмалуу 22 970ке көп болгон.
Декларациялык өнөктүк тууралуу толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан алууга болот.