Бир сутканын ичинде 112 номерине 5687 чалуу түшсө, анын ичинен 159 жалган чалуу болгон. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бирдиктүү нөөмөт-диспетчердик кызматына күн сайын жарандардан келген кайрылуулардын саны өсүүдө. 24-25-январда 5687 чалуу келип түшкөн. Алардын ичинен тастыкталганы 15, адашып же жалган чалуулар (жаш балдардын ойноп чалуусу) 156 болгон. Алардын кээ бирлерин сиздерге сунуш кылабыз.
Саат 14:23тө Келечек конушунун тургуну Ралия Бишкек шаарынын "112" кызматына чалып, 10-көчөсү боюнча электр жарыгы жоктугун билдирди. “112” кызматы аркылуу тез арада тиешелүү кызматтарга өз убагында кабарланды.
Саат 18:47де Сокулук районунун Селекционное айылынын тургуну Бактыгүл "112" кызматына чалып, күйөөсү мас абалда келип аны балдары менен сабап, үйүнөн кууп чыкканын билдирди. “112” кызматы аркылуу тез арада Сокулук районунун “102” кызматына кабарланган, тиешелүү чаралар көрүлдү.
Түнкү саат 00:07де Ысык-Ата районунун Назим аттуу тургуну “112” кызматына телефон чалып, апасы мас абалында көп сандагы дары ичип алып ууланып калганын айтып кайрылган. Ыкчам түрдө Ысык-Ата райондук "Тез жардам" бөлүмүнө маалымат берилди.
Саат 11:04тө Ош шаарынын Кулматова көчөсүнүн жашоочусу Раисанын денесинин бир жагы иштебей калганын жолдошу Марсель кабарлаган. “112” кызматы аркылуу ыкчам түрдө Ош шаардык “103” кызматына билдирилди, өз убагында жардам көрсөтүлгөн.