Февраль айында өлкө боюнча бардык мектептерде англис тили жумалыгы өткөрүлөт. Муну бүгүн, 25-январда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган министрлик 8-февралдан 15-февралга чейин окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу максатында англис тили жумалыгын жарыялайт.
Бир жуманын ичинде бардык билим берүү уюмдарында окуучулар арасында сынактар, көргөзмөлөр, жолугушуулар жана конференциялар өткөрүлмөкчү. Андан сырткары 5-11-класстын окуучулары үчүн “Англис тили – эл аралык баарлашуунун тили” аттуу ачык сабактарды өткөрүү каралган.