Буга чейин "Түп районунда дарыгерлердин шалаакылыгынан вакуумда күйүп каза болгон" делген ымыркай түйүлдүктөгү инфекциядан каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мадина Муратбекова аттуу кош бойлуу айым толгоосу башталып, суусу кеткен соң гана Түп райондук ооруканасына кайрылган. Ымыркай 2 килограмм 700 грамм салмакта төрөлүп, төрөт маалында тумчугуп калган. Анын абалы оор болуп, аталган ооруканада неонатологдун жоктугуна байланыштуу дарылоо акушер-гинеколог тарабынан жүргүзүлгөн.
Наристенин терисинде ириң жана майда ыйлаакчалар жайылып, дем алуусу начарлаган. Анын оор абалы тууралуу атасы кабардар болгон. Ага "түйүлдүктөгү инфекция, тери катмарынын инфекциясы, тубаса пневмония, курч мүнөздөгү асфиксия (деминин кысылышы)" диагнозу коюлган. 6-күнү ымыркай медайымдын коштоосунда Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилген. Абалы өтө оор болуп, "түйүлдүктөгү
вирустук-бактериалдык этиологиялык инфекция, 2 жактуу пневмония, 3-даражадагы дем алуу жетишсиздиги" диагнозу коюлган.
Ымыркай 2015-жылдын 10-декабрында 09:40та каза болуп, медициналык кызматкерлердин жана Медина Муратбекованын туугандарынын катышуусунда экспертизадан өткөрүлгөн. Жыйынтыгында ымыркай бактерия-грибоктук этиологиялык инфекция, 2 жактуу бронхопневмония, сепсис, гипоксикалык энцефалопатия, ДВС-синдром, декортикация, полиоргандык жетишсиздиктен жана мээнин ириңдешинен, теринин дистрофикалык өзгөрүүлөрүнөн улам каза болгону аныкталган.