Бүгүн, 25-январда “Кыргыз почтасы” мамлекеттик мекемеси журналисттердин катышуусунда жыйын өткөрүп, "Биз өзгөрөбүз" деген аталыштагы долбоору менен тааныштырды. Аталган мекеменин башкы директору Таалайбек Эшалиев замандын өнүгүп жатканына карабай почта элге көп кызмат кыла аларын баса белгиледи.
Анын айтымында, мекеме 2016-жылды "Биз өзгөрөбүз" деген ураан алдында өткөрөт. Бул долбоор алкагында мекеменин ишин жакшыртуу, менеджмент тармагын өнүктүрүү, корпоративдик саясатын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, кызматкерлерди башкарууда эффективдүү системди ишке киргизүү жана башка бир катар иштерди аткаруу пландалган. Бул үчүн тиешелүү каражат каралып жатат.
"Совет мезгилинде почта өтө чоң кызмат аткарчу. Технология өнүккөн сайын почтага муктаждык азайып баратат дегенге кошулбайм жана биз бул жаатта чоң жумуш аткара аларыбызга ишенем. Мына, автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам күчүнө киргени турат. Бул тармакта кызмат почта аркылуу аткарылса деген үмүт бар. Ошондой эле бир катар тармактар боюнча элдин турмушун жеңилдетүүнү пландап жатабыз",- деди Т.Эшалиев.