Узакка созулган аномалдуу жылуу, кургак аба ырайынан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. 27-30-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт. 27-28-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жаралып, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
29-30-январда абанын температурасы төмөндөйт: Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 7…12°, күндүз 0…5° суукка чейин, Талас өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 10…15°, күндүз 1…6° суукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 7…12°, күндүз 2…7° суукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 20…25°, күндүз 10…15° суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 25…30° суукка, күндүз 13…18° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.
Мындай аба ырайы автоунаа жолдорунун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.