Бишкек шаардык казыяты тарабынан уюштурулуп жаткан Памирде жашаган этникалык кыргыздарга жардам берүү алкагындагы акцияга алгачкы жардамдар келе баштады. Казыяттын басма сөз кызматы иш-чарага кайдыгер карабаган шаар тургундары кийим-кечелерди алып келишип, казыяттын кызматкерлерине өткөрүп берип жатышканын билдирди.
"Памирде жашап жатышкан мекендештерибиздин жашоо-тиричилигине кайдыгер карабаган мекендештерибиз үчүн борбордук мечиттин жана шаардагы бардык мечиттердин эшиктери ачык. Ар бир мечитке бирден жооптуу имам бекитилген",- деди шаар казысынын орун басары Алманбет ажы Сүйөркулов.
22-январда башталган бул демилге 10-февралга чейин улантылат. Жардам берүүнү каалагандар жардамын акчалай, кийим-кече же болбосо тамак-аш түрүндө да беришсе болот.