8-февралдан 14-февралга чейин республикадагы мектептердин окуучулары үчүн илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жумалык Кыргыз Республикасынын тарыхы жана маданияты жылына арналган. "Бул иш-чаранын негизги максаты - мектеп окуучуларын илимдин жетишкендиктери, технологиялык процесстер менен тааныштыруу жана өсүп келе жаткан муундун инженердик-техникалык кесиптерге, изилдөөлөргө жана долбоорлорго кызыгуусун өнүктүрүү. Илим жумалыгынын алкагында окуучулар үчүн ири илимий-изилдөөчү борборлорго экскурсиялар, окумуштуулар жана эмгек ардагерлери менен жолугушуулар, сынактар жана викториналар уюштурулат.
11-февралда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде мектеп окуучуларынын арасында республикалык илимий-техникалык олимпиада өтөт. Бул олимпиада жумалыктын эң маанилүү программасы деп саналат",- деп айтылат маалыматта.