Кыргыз Республикасында бензин баасынын арзандашы уланууда. Бишкектеги май куюучу жайларда 26-январга карата баалар төмөнкүдөй:
АИ-80 30 сом 50 тыйын;
АИ-92 32 сом 20 тыйын;
АИ-95 37 сом 20 тыйын;
Дизель майы 31 сом.
Айрым май куюучу жайларда баалар 0,5-1 сомго кымбатыраак. Борбор шаарга салыштырмалуу республиканын аймактарында баалар жогору. Баалардын арзандашын адистер сезонго байланыштуу суроо-талаптын азайышы менен байланыштырышууда.