Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары футболчу Лионель Мессинин аты жазылган полиэтилен баштыгын кийип сүрөткө түшкөн баланы кыргыз өлкөсүнүн тургуну дешүүдө.
Түркиялык колдонуучулар сүрөт Ирактын Дахук шаарында тартылганын жазып келишкен. Ал эми кыргыз колдонуучулары бул сүрөт кыргыз жеринде тартылганын божомолдоп жатышат. Сүрөттөгүдөй сокмо менен салынган үйлөр өлкөбүздө көп кездешерин жана мындай түстөгү баштыктар бизде да чыгарын белгилешүүдө.
Эске сала кетсек, өткөн жумада чет элдик маалымат булактары дүйнөнүн мыкты футболчусу Лионель Месси бул окуя тууралуу кабардар болуп, жаш балага жардам бере турганын айтканын кабарлашкан.