Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 10 миллиард 372 миллион куб метр болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 175 куб метрге, агып чыккан суу секундасына 572 куб метрге жетүүдө.
Былтыр бул маалда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 318 миллион метр кубга түшүп кеткен.