Ош. Техникага жана ойлоп табууга кызыккан окуучулардын жасаган эмгектери көргөзмөгө коюлду

Бүгүн, 26-январда Ош шаарында шаардагы мектеп окуучуларынын илим, техника жана өндүрүш жумалыгы башталды. Анда техникага жана ойлоп табууга кызыккан окуучулардын жасаган эмгектери көргөзмөгө коюлду.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, иш-чаранын негизги максаты - илимий-техникалык чыгармачылыкты, инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү, окуучулар арасында техникага жана аны өздөштүрүүгө кызыккан балдарды тандоо жана республикалык мектеп окуучуларынын инженердик олимпиадасына катыштыруу.

Аталган жумалыкка шаардагы 50дөн ашык мектептен 10 жаштан 13 жашка чейинки экиден окуучу катышмакчы. Бир жумага созулган иш-чарада окуучулар өздөрү жасаган эмгектерин көргөзмөгө коюу менен “Келечек” жана “Мээрим” балдардын билим борборунун ийримдери менен таанышышат жана жогорку окуу жайлардын окумуштуулары менен жолугушуп, ишканаларга экскурсияга барышат.

Иш-чара КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдын 15-январындагы чыгарган буйругунун негизинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын уюштуруусу астында өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан