Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Таалайкүл Исакунова жана облус башчы Аманбай Кайыпов Нарын шаарынын эли менен жолугушуу өткөрүштү. Анда депутаттар Жогорку Кеңеште аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Ошондой эле өкмөт сунуштап жаткан бийик тоолуу аймакта жашагандарга жеңилдиктерди алып салуу боюнча маселе токтотулганын айтышты. Андан соң облус башчы чогулган жарандык активисттердин, дарыгерлердин, мугалимдердин суроолоруна жооп берди.
Жыйынтыгында элди чогултуп, 27-январда митинг уюштуруу идеясын көтөрүп чыккан Жыргалбек Жусубакунов депутаттарга, бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, оюнан кайтканын жар салды. Ошондо 27-январда Нарын шаарында митинг болбойт.