28 Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы компьютерлердин жана кеңсе техникаларынын комплектисин алды

Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча 28 Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы компьютердин жана кеңсе техникаларынын комплектисин алды. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү жана басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу тапшыруу аземи 2016-жылдын 26-январында Бишкек шаарында вице-премьер-министр Аалы Карашев, КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, ЖКнын Агрардык комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров жана башка депутаттардын, өкмөттүн 7 облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Жайыт комитетинин өкүлдөрүнүн, "Кыргыз жайыты" Кыргыз Республикасынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин, Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлеринин катышуусунда “Кыргыз өлкөсүндөгү жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу” деген темадагы тегерек стол өтүп жаткан учурда болду.

Техникалар Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонд каржылап жаткан жана КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү жана АРИС тарабынан ишке ашырып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун жардамы менен сатылып алынды.

Тапшыруу аземинде КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Бекбоев Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары өзүлөрүнүн компьютерлерин жаңылап алууга абдан муктаж болуп жатканын белгиледи. “Мен мындай жаңылануу ар бир райондогу Агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын ишин жакшыртарына ишенем”,- деди ал.

Мындан сырткары КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ресурстук-аналитикалык борбору дагы компьютерлер, маалымат базасы, лазердик көп функционалдуу техника, телевизор, кеңсе жабдуулары жана башка бул уюмга керектүү жабдыктар менен камсыз болушту. КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ресурстук-аналитикалык борборуна жана Райондук өнүктүрүү башкармалыктарына берилген товарлардын жалпы баасы 77 миң АКШ долларын түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан