SIM-карталарды каттоодон өткөрүүгө 5 гана күн убакыт калды. Мындан ары персонификациялоо мөөнөтү узартылбайт. Андыктан каттоодон өтпөгөн номурлар автоматтык түрдө өчүрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик байланыш агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 18-январга карата көрсөткүч боюнча республикада 7 миллион 814 743 көчмө байланыш абоненти бар болсо, алардын 7 миллион 490 134ү каттоодон өткөн. Бул абоненттердин жалпы санынын 95,85 пайызын түзөт.
Келишим түзүү үчүн абонент уюлдук компаниянын каалаган Тейлөө борборуна өздүгүн тастыктаган документин (паспорт, пенсиялык күбөлүгү, аскердик билет) гана алып келсе болот. 16 жашка толо элек жарандардын телефон номери ата-энесине жана жакындарына катталат. Чет элдик жарандар кыргыз жарандары каттоодон өткөн шарттар боюнча каттоодон өтүшөт.
Байланыш оператору менен келишим түзгөн соң абонент мобилдик шылуундардан коргоого алынат. Чакырыктарынын толук маалыматын ала алат, жоготуп алганда SIM-картага бөгөт коюп жана телефон номерин тез кайра калыбына келтире алат, абоненттик эсеби жабылса, эсептеги калдыкты талап кылуу укугуна ээ болот.