Кечээ, 26-январда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев кыргыз жергесиндеги Эстониянын элчиси Яан Рейнхольд менен жолукту. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар маалымат технологиялары тармагындагы азыркы эки жактуу кызматташуусу жана 2016-жылга коюлган пландар тууралуу сүйлөшүштү. Тайырбек Сарпашев эстониялык тарапка маалымат технологиялары боюнча жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. "Мамлекеттик каттоо кызматы ар дайым өнүгүп, алдынкы IT-технологияларды өзүнүн системине киргизиши керек. Бул тармакта МКК эстониялык кесиптештер менен тыгыз кызматташууга кызыкдар. МККнын алдыдагы 1,5 жылга койгон максаты - жарандарды биометрикалык паспорт менен камсыздандыруу жана мамлекеттик тейлөөгө биометрикалык технологияларды киргизүү",- дейт Тайырбек Сарпашев.
"Эстония Кыргыз Республикасын Борбор Азиядагы жакын шериктеши катары көрөт. Кыргыз өкмөтүнүн биометрикалык технологияларды киргизүүсүн жогору баалайбыз. Силер тандаган жол эң туура. Биздин бул багытта 20 жылдык тажрыйбабыз бар, биз кыргыз досторубуз менен тажрыйбабызды бөлүшүүгө даярбыз",- деди өз кезегинде Яан Рейнхольд.