Бишкекте диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери талкууланды

Борбор калаанын Октябрь райондук администрациясында "Диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү" аталышында талкуу өткөрүлдү. Бул тууралуу 26-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында окуучулар арасында терроризм жана диний экстремизмге үгүттөөгө каршы күрөшүү, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүү талкууланды. Ага Октябрь районунун башчысынын орун басары Татьяна Кузнецова, Октябрь РИИБинин башчысынын орун басары Айбек Ажибаев, Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмү жана Октябрь районунун мектептеринин директорлору катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан