Туңгуч президент Аскар Акаевдин агасы дүйнө салды

Туңгуч президент Аскар Акаевдин агасы Асанкул Акаев 26-январда көз жумду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге анын жакындары кабарлашты.

Асанкул Акаев Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты болгон. Ал Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында 1939-жылы туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
kamyr26
2016-01-27 10:39:06
Конул айтабыз жаны жаннаттан берген болсун Аллахым
+14
berekem15
2016-01-27 10:45:11
Жаткан жери жайлуу болсун.
+15
Maripa
2016-01-27 10:53:42
Жаткан жери жайлуу болсун. Эми КРга Акаев келет болду бекен?
+11
marmiladka9
2016-01-27 11:03:21
жаткан жери жайлуу болсун
Акаев келгенге мумкунчулук тузулсо болмок.
+19
Akabai
2016-01-27 11:04:55
Акаев келсин!!!
+16
nur0077
2016-01-27 11:16:52
Akabai,канаке Акайчик келсе,жакшы болбойт беле.Бул маселени Атамбаев чечет да.Кой досум келбей тур,сен башкарган убак менен мен башкарган учурдун айырмасы билинип калат деп айтат да.Акайчик мыкты теоретик-окумуштуу болсо,Атамбаев мыкты инженер-испытатель.Ошентип Кыргызстан Эли-подопытный кролик болуп буттук.
+9
Mongol1155
2016-01-27 11:18:29
Кандай болсо да,бул 1-чи президенттин агасы.2-3 кунго келип топурак салып кеткенге уруксат беришсе,абдан жакшы болмок.
+15
nurzada78
2016-01-27 11:39:20
2014ж агасы откондо да келе албай калган,бул агасында келип топурак салып кетсе жакшы болоор эле!
+13
bolotbai3
2016-01-27 11:40:58
Акаев келип агасына топурак салып кетсин.Бул бир келген жарыкчылык жашоодо баарыбыз бирдей пендебиз.Анан сот прокурорлор соттойбуз сурака алабыз дебей.Адамча мамиле кылгыла.
+20
Va.vasm
2016-01-27 12:35:22
bolotbai3,даа мудурулбогон туяк, адашпаган жаак больойт.
+1
KUMKA
2016-01-27 12:48:42
Акаевдин убагында канчалаган жарандар жакырчылыкта жашап ооруган жакын адамдарын дарылата албай каза болушту,келиндер жакшы тамактанбай каны аз болуп тороттон олуп жатты.Армиянын начардыгынан Баткен окуясында канчалаган жоокерлер курман болушту...Жонокой эл жакындарын жоготсо эс нерсе эмес,Акаев жоготсо эле боор оооруткан туура эмес.Кийинки президенттерге сабак болсун.Келишине каршымын..Камалбай,олбой жургонуно шугур кылсын же болбосо топурак салганы келсе келсин жана мыйзам алдындажооп берсин..
-3
Moskva.kg
2016-01-27 13:08:59
KUMKA,Акаев биринч президент болуп шайланганда Кыргызстан коп нерсеге жетишбей жаныдан канат куулоп жаткан жыл болчу ошондуктан ачарчылык болгон бизде эле эмес Сссрден тараган олколор да жакырчылыкта жашаган А.Акаевге таазим кылышыбыз керек Кыргызстанды бутка тургузуп эл катары мамлекет кылган А.Акаевдин кылган иштери аябай коп айтбасам деле айдан ачык баардык эл
билет андан бери 15жыл отту эмне озгорду?
+8
Nasi1981
2016-01-27 14:48:52
KUMKA,Аскар Акаев ишке кирген маалда СССР таркап, союздагы он беш мамлекет кыйналып жаткан. Ойлон, изден таап, озунду озун бак деп Акаев киргизген базар реформасы менен кыргыз эли алдынкылардан болуп бутуна турду. Эл байыды, бирок мамлекет байыбады. Себеп Акаевдин айланасына жалан кун карама, митээ курттар чогулуп алган. Алар азыр деле бийликте олтурушат, сулук курттай мамлекеттин канын соруп.
+4
Svoboda83
2016-01-27 20:23:35
KUMKA,Ал кезде союз кулап баардык олколордо кыйынчылык болгон азыр бир аз болсодо онолдук кудайга шугур биз карапайм калк озубуз бутубузга турдук бизге азыркылардын бирисида жардам бербеди оздорун гана ойлошот
+1
bolotbek91
2016-01-27 17:44:29
Келсе жакшы болмок зыйнатты саясатка аралаштырбай эле коюшмак.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан