14 жылга эркинен ажыратылгандан кийин оозун тигип алган жаран буга чейин кыз ала качканы үчүн түрмөдө отуруп чыккан. Бул тууралуу 27-январда жактоочу Майрамбек Жумабеков билдирди.
Айта кетсек, Таалайбек Сыдыков соттун чечимине макул болбой 2016-жылдын 8-январында өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, нааразылык катары ачкачылык жарыялап, оозун тигип алган эле.
Анын жактоочуларынын бири Эркин Саданбеков: "Т.Сыдыков абактан бошотулгандан кийин Венера аттуу кыз менен таанышып калган. Экөө чогуу жашап, нике кыйдырышкан. Алар кадимки үй-бүлө катары ижарага батир алып жашашканын кошуналары да билишет. Кайсы бир учурда аялы милицияга арыз жазып, күйөөсү сабаганын билдирген. Кийинки жазган арызында зордуктаганын, 5 миң сом акчасын алып кеткенин айткан. Биз 14 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм акыйкатсыз деп ойлойбуз",- деди.