Салык карыздарын төлөгөндөрдүн аларга жазылган кошумча туумдардан жана салык санкцияларынын 50 пайыздан 80 пайызга чейин жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай мүмкүнчүлүк 2015-жылдын 4-августунда күчүнө кирип, ушул жылдын 1-майына чейин иштей турган "Салыктар жана бажы төлөмдөрүнө кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" мыйзамына ылайык берилген.
2015-жылдын 1-августуна чейинки жана азыркы карыздарын ушул жылдын 1-февралына чейин төлөгөндөрдүн 80 пайыз санкциялары алынат, ал эми ушул жылдын 1-майына чейин төлөгөндөрдүкү - 50 пайызы. Ал үчүн жарандар катталган жери боюнча салык органына кайрылышы зарыл.
Салык санкцияларын жокко чыгаруу тууралуу кененирээк маалыматты 194 телефону аркылуу алууга болот.