Социалдык тармактарда кичинекей кыргыз кикбоксчуларынын видеосу казакстандыктардын кызуу талкуусунда болуп, балдардын атасына алкыш айтылып жатат.
Видеодо 3 баланын кикбокс менен машыгып жаткан учурдагы так жана таамай соккулары чагылдырылган. Балдардын атасы Бакытбек Атакановдун айтымында, уулдары Арлет, Эльбурс жана Азирет кичинекей кездеринен эле машыгышат. Улуусу Арлет 15 жашта, Кыргыз Республикасынын 4 жолку, Азиянын 1 жолку чемпиону. Ортончусу Эльбрус Өзбекстандагы чемпиондукка катышып, ал жактан чемпион наамына ээ болгон. Кичүүсү Азирет райондук жана шаардык чемпиондуктарда жеңиштерге жетишип жатат.
Бакытбек Атаканов уулдары көп ийгиликтерге жетишерине үмүтү чоң экенин кошумчалаган.