Нарын шаарында 200дөн ашык тургундун катышуусунда митинг өтүп жатат. Чогулгандар тоолуу аймакта жашаган калктын жеңилдиктерин жокко чыгаруу боюнча маселе, электр энергиясынын кымбатташы, малдын арзандыгы, ГЭСтин курулушу токтоп калганына нааразылыгын билдирип митингге чыгышты. Бул тууралуу шаар тургундары кабарлашты. Алар өкмөт башчынын Нарын эли менен жолугушууга келбей койгонуна нааразы болушууда.
Кошумчалай кетсек, 27-январда Нарында митинг уюштуруу чечими өкмөттүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарга каралган жеңилдиктерди алып салуу демилгеси көтөрүлгөн соң чыгарылган. 25-январда өкмөт башчы Темир Сариев бийик тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам долбоорун артка чакырткан.
26-январда болсо Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Таалайкүл Исакунова жана облус башчы Аманбай Кайыпов Нарын шаарынын эли менен жолугушуу өткөрүшкөн. Облус башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, митинг уюштуруу идеясын көтөрүп чыккан Жыргалбек Жусубакунов депутаттарга, бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, оюнан кайтканын жар салган.