Мурунку президент Аскар Акаев агасы Асанкул Акаевди акыркы сапарга узатууга келе албайт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди. Анын билдиришинче, Аскар Акаев учурда Францияда дарыланып жатат. "Аскар Акаевич зыйнатка келе албай турганын билдириптир. Анын ордуна уулу Илим Акаев келет экен",- деди Иманалиев.
Асанкул Акаевдин сөөгү эртең өзү туулуп-өскөн айылына коюлат. "Аны акыркы сапарга узатууга жакын санаалаштары жана туугандары гана катышат",- деп кошумчалады Иманалиев.
Асанкул Акаев 26-январда Бишкекте оорудан улам көз жумган. Асанкул Акаев Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын эки жолку чакырылышына депутат болгон. Ал Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында 1939-жылы туулган.
Айта кетсек, 2014-жылы 3-августта Аскар Акаевдин бир тууган агасы Болот Акаев каза болуп, акыркы сапарга узатууга коопсуздук маселесинен улам келе алган эмес.