Бүгүн эртең менен Нарын шаарындагы борбордук аянтта болуп жаткан митингдин катышуучулары тарашты. Бул тууралуу аталган шаардын тургуну SUPER.KG порталына билдирди.
"Элдин тараганына аз эле убакыт болду. Ал жакта укук коргоо органдарынын кызматкерлери гана калышты",- дейт тургун. Анын айтымында, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов митингге чыккандардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө аларды шаардык администрациянын имаратына алып кирип кетти.
Эске сала кетсек, буга чейин "Бийик тоолуу аймактарда жана шарты катаал алыскы аймактарда жашап, иштеп жаткан жарандарга мамлекеттик кепилдиктер жана компенсацияларды берүү жөнүндө" мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр Нарын облусунун тургундарынын арасында кызуу талкууга алынып, эгер аталган мыйзам күчүнө кире турган болсо, чара көрүүгө даяр экенин айтышкан. Айрым мекемелер бул мыйзамды кабыл албоо суранычтары менен тиешелүү жактарга кайрылып, бүгүнкүгө тынчтык митингин өткөрүүнү пландашкан. Аталган мыйзам кайра артка кайтарылганы тууралуу 25-январда белгилүү болгон. Жогорку Кеңештин депутаттарынын Нарындын тургундары менен кечээ болгон жолугушуусунан кийин митинг өтпөй турган болгон.