КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2014-2015-жылдары Нарын облусунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарына бекер эс алып келүүгө 209 жолдомо берген. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, баса албаган тургундарга 82 коляска-отургуч берилген.
Нарын облусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны 10 834тү түзөт. Алардын 2278и 18 жашка чейинки курактагылар. Бул жалпы өлкө боюнча көрсөткүчтүн 6,4 пайызын түзөт.