"Мындан кийин кино жана концерттер көзөмөлдөнөт". Мындай пикирин бүгүн, 27-январда маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов министрликтин коллегиясында айтты. Анын айтымында, акыркы убактарда тартылып жаткан кинолордо, клиптерде ачык сценалар көп колдонула баштады.
“Мындан кийин ким тасма тартып, концерт коюп же эл алдына тартуулай турган иш жасаса, сөзсүз түрдө Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин текшерүүсүнөн өтүүсү шарт",- деди Максүтов.
Министр Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасына чейин көзөмөлдөөчү видеокамералар коюлганын кошумчалады.