Былтыр өлкөдө баңгилик боюнча 339 кылмыш иши катталган

2015-жылы баңгилик боюнча 339 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын коллегиясында айтылды.

Маалым болгондой, өткөн жылы 45 түндүк маршрут менен өткөн Ооганстан баңгизаттарынын каналдары табылып, жок кылынган. Аталган кызмат билдиргендей, апийимден 20 килограмм 373 грамм, героинден 118 килограмм 394 грамм, нашаадан 263 килограмм 428 грамм, марихуанадан 455 килограмм 968 грамм, апийим уругунан 8 килограмм 950 гамм, каннабистен 1 тонна 177 килограмм 152 грамм, психотроптук заттардан 5 грамм, прекурсорлордон 3 тонна 95 килограмм 15 грамм табылган.

Ошондой эле былтыр бул тармакта коррупция боюнча 13 иш катталып, 23 адам жазага тартылды. Алардын 18и укук коргоо жана мамлекеттик кызматкерлери экени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан