Кыргыз мамлекетинде бензин арзандады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-январдан тарта республиканын ар бир аймагында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин литри 1,5 сомго арзандады, АИ-98 бензининин литринин баасы 2 сомго төмөндөдү. Дизель майы 1,5 сомго арзандады.
2016-жыл боюнча бул 5-жолку арзандаганы. Январь айынын ичинде бензиндин литри 2-4,5 сомго арзандаган. Дизель майынын баасы жылдын башынан бери 4,5 сомго түшкөн. Күйүүчү майлардын арзандашы орусиялык рынокто чийки мунайдын баасынын төмөндөшүнө жана суроо-талаптын кыскарышына байланыштуу экени маалым болду.
Аталган ассоциациянын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри Бишкекте 33,5 сом, Ошто 36 сом болууда. АИ-95 бензини Бишкекте 38,5 сом, Ошто 41 сомго барабар. Ошол эле учурда Бишкектеги айрым май куюучу жайларда АИ-92 бензини 32,2 сомдон, АИ-95 бензини 36 сомдон сатылууда.