Талас шаарында 28-январда "Ислам экстремизм жана терроризмге каршы" аттуу семинар өттү.
Жергиликтүү тургундарды, айрыкча жаштарды экстремисттик жана террористтик агымдардын азгырыгынан оолак болууга чакыруу максатын көздөгөн жыйынга облустук казыяттын кызматкерлери, окуу жай жетекчилери, облустук миграция бөлүмүнүн башчылары катышышты.
Казыяттын билдиришинче, жергиликтүү тургундар жаштар көпчүлүк учурда интернет аркылуу терс жолго түшүп, туура эмес маалыматка ээ болуп жатышканын, кыз-келиндердин чет өлкөгө иштегени кетүүсү кооптуу жагдай экенин айтышкан. Облус казысынын орун басары Касым Сыдыков "Ислам мамлекети" тобу, анын жасаган иштери ислам талаптарына туура келбестигин айтты.