Медицина адистигин окутуучу жогорку окуу жайлардын бири гана мамлекеттин карамагында

Кыргыз Республикасы боюнча медициналык адистикти окутуучу 6 жогорку окуу жайы бар. Алардын ичинен бир гана Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академия Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына кирет. Бул жагдай бүтүрүүчүлөрдүн билиминин сапатын аныктоодо, жаш адистерди аймактарга бөлүштүрүүдө көйгөй жаратат. Бул тууралуу аталган министрликтин жыл жыйынтыгындагы маалыматында жазылган.

2014-2015-окуу жылында кыргыз жергесиндеги медициналык жогорку окуу жайларын 1906 студент аяктаган, алардын 299у чет элдик жарандар. Клиникалык ординатураны бюджеттик негизде 106, интернатураны 93 студент бүтүргөн. 199 бүтүрүүчү ишке орношуу жолдомосун алган, 110у ишке орношкон, 89у белгиленген ооруканага жана башка саламаттыкты сактоо мекемелерине ишке орношкон эмес, 12си декрет өргүүсүндө.

2015-жылы орто медициналык билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн саны 7170ти түзгөн. Алардын ичинен 1664ү бюджеттин эсебинен окушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан