Ата-энесинин ур-токмогунан Бишкекке качкан кызга реабилитациялык борбордо медициналык жардам көрсөтүлүп жатат

Ата-энесинин ур-токмогунан Жалал-Абаддан Бишкекке качкан 17 жаштагы Назбийкеге медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Азыркы тапта ал Бишкектеги реабилитациялык борбордо дарыланууда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Азыркы тапта Назбийкеге психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Ал кырдаал жөнгө салынгыча реабилитациялык борбордо жашап турат. Анын үй-бүлөсүндөгү абалды иликтөө жана башка балдарды коргоо үчүн министрликтин аймактык башкармалыгына тапшырма берилди",- деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, 29-январда эртең менен 17 жаштагы Назбийке аттуу кыз Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынан Бишкекке качып келгени белгилүү болгон. Ал Бишкектеги тааныш адамдарына барып жардам сураган. Алар Назбийкенин ыйлата турган окуясын угушуп, денесиндеги көк алаларды көрүшүп, ага жардам көрсөтүү үчүн SUPER.KG порталына кайрылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан