Бишкекте сасык тумоо жана курч респиратордук вирусту алып жүрүүчүлөрдүн саны өткөн жылга салыштырмалуу кыйла көбөйдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы уюштурган маалымат жыйынынын жүрүшүндө айтылды.
Маалыматка ылайык, быйыл эпидемиялык сезондогу көрсөткүчтөр өткөн жылдагыдан айырмаланууда. Мисалы, 2015-жылдын январь айында сасык тумоого чалдыккандардын саны 4426ны түзсө, курч респиратордук вирусунан жабыркагандардын саны 2ни түзгөн. Быйыл болсо сасык тумоо жуктургандардын саны 6932ге жетти. Ал эми аталган вирусту 41 адамдан байкашкан.