Балдарды кордоо, алсыз организм катары басмырлоо кадимки көрүнүшкө айланып бараткансыйт. Акыркы 5 жылда бала тагдырына байланышкан окуялар аз болгон жок.
2016-жылдын 29-январында Жалал-Абадда ата-энеси тарабынан зомбулукка кабылган 17 жаштагы кыз Бишкекке качып келди. Өз энеси жана өгөй атасынан кордолгон Назбийке Бишкектеги тааныштарына келип жардам сураган. Кабарды SUPER.KG порталына кыз убактылуу баш калкалап турган үйдүн жашоочусу Бектур Эшимбетов кабарлап, кыз көптөн бери зомбулук көрүп келгенин айтып берген эле.
Жабырлануучу Назбийке биринчилерден болуп биздин порталга маек берип, үйүндө кичинесинен бери сабалып келе жатканын билдирди. “Бир ай мурун үйдө ур-токмок жеп, чыдабай кетип Бишкекке биринчи жолу качкам. Апам аркамдан келип, милициялардын көзүнчө мени кучактап “кызым” деп кабыл алган. Бирок эч ким жокто сабап, чачымдан сүйрөгөн. Үйгө барганыбызда өгөй атам “болду, сени урганды токтотобуз” деген, бирок зомбулук көрсөтүү кайра башталды. Бир жолу шылтоо таап өгөй атам менен апам дөңгөлөктүн резинасынын камчыга окшош бөлүгү менен сабашкан. Денем ооруп, чоң-чоң көк алалар пайда болгон. 28-январда ата-энем менен базарга чыкканыбызда учурдан пайдаланып, таксиге отуруп Бишкекке качып кеттим”,- дейт 17 жаштагы кыз.
Окуя "Элдик кабарга" чыккандан кийин тийиштүү органдар чара көрүү аракетин баштады. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө, жыйынтыгында тиешелүү чечим кабыл алынмакчы.
Түрдүү формада балдардын укугунун тебелениши көйгөйгө айланды. Коомдо адамгерчиликтен аттап, өз баласына ашкере ырайымсыз мамиле жасагандар, баланын өмүрү менен ойногондор арбыды. Агрессивдүү, таш боор, мээримсиз ата-энелер, боордош бир туугандардын катмары пайда болгону кейиштүү чындык.
Табият мыйзамына ылайык, ата-эне баласына өмүрүн берүүгө даяр, баладан өткөн жакыны жок. Жашоодо энелер өз баласын эч качан чын дилден жаман көрө алышпайт, бирок энелик өзгөчөлүктөн ажырагандар да арабызда жүрөт. Алардын запкысын өзүн коргой албаган жаш балдар тартууда. Коомчулук "балдардын укугун коргоо" деп байма-бай коңгуроо кагып жатканы менен, дагы эле фактылар өжөрлүк кылууда. Кайгылуу окуялар биринин артынан экинчиси кайталанып жатат.
Мамлекет өз үйүнөн кордолгон балдардын көз жашын качан сүртөт?
Дал ушул суроого жооп издеп, балдардын коопсуздугуна, татыктуу тарбия алышына, бактылуу жашоосуна шарт түзүүгө жалпы коомчулук көңүл буруусу керектигин айтып кабар жөнөткөн окурманды SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши январь айынын жеңүүчүсү деп тапты. Кабардын автору заманбап смартфондун ээси болду.
Бектур мырза менен телефон аркылуу байланышып, жеңүүчү болгонун кабарладык:
- Саламатсызбы, Бектур! Бизге жиберген кабарыңыз боюнча январь айынын жеңүүчүсү болдуңуз. Куттуктайбыз!
- Рахмат!
- Жабырлануучу кыздын көйгөйүн айтып бизге кабар жөнөтүүгө эмне түрткү болду?
- Жабырлануучу кыз мурун да үйүнөн Николаевка айылына качып келген. Ал жактан кыздын тааныштары кайын журтума "Күйөө балаңар шаарда иштейт го, кызга жумуш таап бере алабы?" дешиптир. Ошентип, кийим тигүүчү цехке ишке орноштурайын дедим, кыз убактылуу биздикинде жашап турган. Анда кыздын зомбулукка кабылышы боюнча ишти милицияга өткөрүп берип, бирок кызды апасы кайра үйүнө алып кетип калган. Жаш кызды үйүбүздө карап турганыбызга ыраазы болгондун ордуна, апасы кайра бизди күнөөлөп "силерди соттотом" деп чуу салган.
Жакында кыз кайра качып келди. Бул жолу деле милицияга берели дедик, бирок кыздын апасынын милицияда тааныштары бар экен. Сүйлөшүп кызын алып кетип, зомбулугун кайра баштабасын деген ой болду. Анын үстүнө кыздын денесиндеги көк ала тактарды көрүп чыдап тура албадык. Кыздан "Журналисттерге кабарлайлыбы?" деп сурасак, "макулмун, бул ишти аягына чыгам" деди. Анан дароо силерге кабарладык, анткени силерге чыккан маселелердин көбү оң жагына чечилип жатат. Бул жолу да жардам болсун, кыздын укугун коргоого салым кошолу дедим. Смартфон тууралуу азыр айтсаңыз билдим.
- Андан аркы кадамдар кандай болду?
- Силерге маалымат бергенден кийин укук коргоо боюнча "Сезим" кризистик борборуна кайрылдык. Ар кайсы шылтоону айтышып, жакын жолоткусу келишпеди. Кыз милицияга арыз жазып, соттук-медициналык экспертизадан өттү. Дарыланыш үчүн ооруканага жатышы керек экен, бирок акчабыз жетпей калгандыктан жаткыра албадык. Социалдык өнүгүү министрлигине кайрылып кеп-кеңеш алдык.
Кыздын апасы жолго чыгыптыр деп кабарлашты, келе элек. Ишти Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы териштирүүдө.
- Кыздын абалы азыр кандай?
- Буту дагы эле шишип жүрөт, бирок жашаган жери жакшы. Бардык шарты бар жатаканалардын биринде жашап жатат. Убактылуу ошол жерде жашап турмакчы.
- Жалпы өлкөдө балдардын зомбулукка кабылып жатканы боюнча пикириңиз...
- Менде деле бала бар, ушунчалык ачууң келсе баланы жамбашка бир жолу эле чабышың мүмкүн. Мынчалык сабаганга жүрөк кантип чыдайт? Мен малды да мынчалык урбайм, итти да "кет" десең түшүнөт го. Кыздан биринчи жолу "Өзүңдө күнөө жокпу? Жаман жоруктарыңдын айынан энең ушуга барып жүрбөсүн?" деп сурадым. Жок, түз жүргөнүн айтып ыйламсырады. Апасын мурда көрүп калгандыктан билем, кызын себепсиз кордоп жатканы ырас. Эгер апасына ишенсем, кыз качып келген күнү ага телефон чалып кабарламакмын.
Ата-энелер балдарын урбаса... Бул иш жакшы жагына чечилет деп үмүт кылып турабыз. Кыз каалагандай болсун, апасына кетүүнү чечсе да, бул жакта калгысы келсе да өзү билсин. Болгону бул иш жарым жолдо калбаса экен, каалаганым ушул. Жабырлануучу таанышым, жердешим же тууганым эмес, бирок анын себепсиз кордолуп жатышына жөн карап тура албайм.
Эсиңизде болсо, былтыр жазында SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманды редакция ай сайын аныктап, жеңүүчүгө заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: таза суунун жоктугунан айрым айылдын тургундарынын арыктан суу ичип жатышы, катуу ылдамдыкта унаа айдагандардын айынан кырсыктардын болушу, мыйзамсыздык, мамлекеттик ишкананын чатырында айрылган мамлекеттик желектин турушу, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.