Бала бакчага барбаган балдар үчүн билим берүү китептери иштелип чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү" долбоорунун колдоосу менен бала бакчага барбаган балдарды окутууга мугалимдер үчүн окуу китептерин иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Китептер бардык билим берүүчү мекемелерге, бала бакчаларга таратылды. Алардын жардамы менен балдарды оюн аркылуу окутууга мүмкүн болот. Өз кезегинде мындай мүмкүнчүлүк балдардын аң-сезиминин жетилишине ыңгайлуу шарттарды түзөт. Бул китептер менен окутуу программасы 1 жылды түзөт.

Программаны ишке ашыруу үчүн өлкөнүн мектептерине жана бала бакчаларына 316 204 нуска окуу-методикалык китеп, 137 555 аң-сезимди өстүрө турган оюнчук, 285 312 көрсөтмө материал, мугалимдер үчүн кыргыз жана орус тилинде 30 миң китеп, 17 290 ченемдик-укук акт жана 2779 тренингдик модулдары менен камсыз болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Lilia11
2016-02-02 23:21:10
Сатыка да чыкса сонун болмок.
0
ishikylsa
2016-02-03 11:34:08
бул китептердин канча пайызы кыргыз тилинде болду экен...
0
oscar
2016-02-03 20:57:33
Сатыка чыкса дагы кабарлап койсонор го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан