Муфтий Москвада өрт кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

30-январдан 31-январга караган түнү Орусиянын Москва шаарындагы тигүү цехиндеги өрттөн каза болгон кыргыз жарандарынын жакындарына 2-февралда Кыргыз Республикасынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев көңүл айтты. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

"Каза болгон мекендештерибиздин туугандарына жана жакындарына Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Жараткан Алла Таала ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Бул каргашалуу кырсыкты жалпы мусулмандар жана кыргыз эли оор кайгы менен кабыл алып, мекендештерибиз үчүн оор жоготуу деп билемин.
Алла Таалам маркумдарыбызды өз ырайымына алып, ага-тууган, жакындарына сабыр берсин",- деп белгилеген муфтий көңүл айтуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан