Бүгүн, 2-февралда Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын катышуусунда кезектеги жыйын өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында Москвадагы тигүү цехиндеги өрттөн каза болгондордун жакындарына жана жапа чеккен кыргыз жарандарына жардам берүү маселелери каралды. Мындан сырткары Гүлмира Кудайбердиева каза болгон кыргыз жарандарынын Москвага барган туугандары менен жолугуп, көңүл айтып, жапа чеккендерге жардамдарды көрсөтүүгө токтолду.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан каза болгондордун жана жапа чеккендердин туугандарына психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат.