Имамдардын жыйынында “Памирде жашаган этникалык кыргыздарга жардам” акциясынын жүрүшү тууралуу маселе каралды

2-февраль күнү Бишкек шаардык казыятына караштуу мечиттердин имамдарынын ай сайын өткөрүлүүчү жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек казыятынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга борбор калаанын казысы Садридин ажы Маджитов, Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнөн Абибилла ажы Кадырбердиев жана муфтияттын алдындагы Борбордук текшерүү комиссиясынан Деңиз ажы Бекишев катышты. Жыйындын күн тартибинде мечиттердин документ иштери, “Памирде жашаган этникалык кыргыздарга жардам” акциясынын жүрүшү сыяктуу бир нече маселелер каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

КМДБнын окуу бөлүмүнүн адиси Абибилла ажы Кадырбердиев 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан чыгарылган “Намаз убакыттарынын календары” туурасында баяндаган лекциясы имамдардын кызуу талкуусун жаратып, суроо-жооптор менен коштолду. “КМДБ тарабынан "Намаз убакыттарынын календары" быйыл ар бир шаар үчүн өзүнчө даярдалып чыгарылды, бардык имамдар жакшылап таанышып чыгып, элге жеткирсе, элибиз үчүн өтө чоң кызмат болот”,- деди Кадырбердиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bolotbek91
2016-02-03 13:28:26
ошол кыргыздарды кочуруп келишкенде жакшы болмок азыр эле азайып калды окшойт жылдан жылга азайып баратышат деп угуп журобуз
0
fara2503
2016-02-04 00:49:29
Эгер кимде эски кийим бирок кийилетурган болкш керек болсо мечитке алпарып берсенер болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан